# 12-статья. Гидрометеорология маалыматтарынын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндөгү маалыматтардын Мамлекеттик фонду

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1950)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №154 "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 67 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112550)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 67 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112550); 30.01.2017 [Закон КР от 30 января 2017 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1950#diff=1261188..1261189>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1871/edition/1261186/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1950/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө, 12-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-12

---

1. Ыйгарым укуктуу орган Гидрометеорологиялык маалыматтардын мамлекеттик фондун түзөт жана башкарат.

2. Гидрометеорология маалыматтарынын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндөгү маалыматтардын Мамлекеттик фонду жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндө документтештирилген маалыматтарды чогултуунун, салыштырып даярдоонун, эсепке алуунун, сактоонун жана жайылтуунун негизинде түзүлөт.

3. Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жөнүндөгү документтештирилген маалыматтардын курамы жана түзүмү аны толуктоонун тартибин эске алуунун, сактоонун жана пайдалануунун тартибин, ошондой эле гидрометеорология маалыматтары жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндөгү Мамлекеттик фондду түзүүнүн жана башкаруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

4. Кыргыз Республикасынын Архив фондунун түзүмүнө белгиленген тартипте киргизилген гидрометеорология маалыматтарынын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн маалыматтарынын Мамлекеттик фондунун документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негиздерине ылайык Кыргыз Республикасынын Архив фондунда жана архивдеринде сакталат.

5. Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндөгү көпчүлүк пайдалануучу маалымат Кыргыз Республикасынын маалымат ресурстарына кирет.

6. Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндөгү маалымат, чектелген категорияга киргизилгенден тышкары маалыматтардан башкасы, ачык жана көпчүлүк ала тургандай болуп саналат.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы № 16, 2023-жылдын 23-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [111-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-111)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-13)
