12-статья. Гидрометеорология маалыматтарынын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндөгү маалыматтардын Мамлекеттик фонду
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
1. Ыйгарым укуктуу орган Гидрометеорологиялык маалыматтардын мамлекеттик фондун түзөт жана башкарат.
2. Гидрометеорология маалыматтарынын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндөгү маалыматтардын Мамлекеттик фонду жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндө документтештирилген маалыматтарды чогултуунун, салыштырып даярдоонун, эсепке алуунун, сактоонун жана жайылтуунун негизинде түзүлөт.
3. Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жөнүндөгү документтештирилген маалыматтардын курамы жана түзүмү аны толуктоонун тартибин эске алуунун, сактоонун жана пайдалануунун тартибин, ошондой эле гидрометеорология маалыматтары жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндөгү Мамлекеттик фондду түзүүнүн жана башкаруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
4. Кыргыз Республикасынын Архив фондунун түзүмүнө белгиленген тартипте киргизилген гидрометеорология маалыматтарынын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн маалыматтарынын Мамлекеттик фондунун документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негиздерине ылайык Кыргыз Республикасынын Архив фондунда жана архивдеринде сакталат.
5. Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндөгү көпчүлүк пайдалануучу маалымат Кыргыз Республикасынын маалымат ресурстарына кирет.
6. Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндөгү маалымат, чектелген категорияга киргизилгенден тышкары маалыматтардан башкасы, ачык жана көпчүлүк ала тургандай болуп саналат.
(КР 2017-жылдын 30-январындагы № 16, 2023-жылдын 23-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 67 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 января 2017 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
23.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…фондду түзүүнүн жана башкаруунун тартибин Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети аныктайт.
4. Кыргыз Республикасынын Архив фондунун түзүмүнө … ала тургандай болуп саналат.
(КР 2017-жылдын 30-январындагы № алынып салынды: 16 кошулду: 16, 2023-жылдын 23-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1950/st-12" title="12-статья - Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>