# 11-статья. Гидрометеорология жагында пайдаланылуучу мүлктү коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1950)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №154 "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 января 2017 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гидрометеорологической деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1950#diff=1261186..1261187>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1871/edition/1261186/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1950/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө, 11-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-11

---

1. Ыйгарым укуктуу органдын станцияларын жана постторун жайгаштыруу үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жер участкалары пайдаланууга берилет.

2. Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун тегерегинде репрезентативдик жана үзбөй байкоо жүргүзүү максатында мыйзамдарда белгиленген тартипте коргоо аймактары орнотулат.

3. Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун коргоо аймактарынын чегинде жайгашкан жер участоктору жана суу мейкиндиктери жер пайдалануучулардан жана суу пайдалануучулардан тартып алынбайт, алар ушул аймактарда иштерди аткаруу эрежелерине ылайык пайдаланылат.

4. Репердик (негизги) жана эзелтен берки гидрометеорологиялык жор участоктору жана посттору тартып алынууга тийиш эмес. Гидрометеорологиялык станцияларга жана постторго бекитилип берилген жер участоктору мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн өзгөчө учурларда алынып коюлушу мүмкүн, мында байкоо жүргүзүүчү пунктту көчүрүү жана кызматтык (кызмат - турак жай) имаратты куруу участокту алып жаткан уюмдар менен ведомстволордун күчтөрү жана каражаттары менен жүзөгө ашырылат.

5. Гидрометеорология жагында пайдаланылып жана айлана-чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн бирдиктүү технологиялык процессинин, ошондой эле байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды чогултуунун, салыштырып даярдоонун, сактоонун жана жайылтуунун биримдигин камсыз кылган мамлекеттик менчиктин карамагындагы мүлктөрдү менчиктештирүүгө жол берилбейт.

(КР 2017-жылдын 30-январындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-10)  
Кийинки берене: [111-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-111)
