# 10-статья. Гидрометеорология жагындагы ишти финансы жагынан камсыз кылуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1950)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №154 "Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1871/edition/1261186/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1950/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө, 10-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-10

---

Гидрометеорология тармагындагы иш:

а) мамлекеттик бюджеттин;

б) атайын каражаттардын (адистештирилген маалыматтарды керектөөчүлөрдүн төлөмдөрүнөн) эсебинен каржыланат.

1. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен улуттук мааниге ээ болгон гидрометеорология ишинин түрлөрү, бүткүл дүйнөлүк метеорология уюмуна, гидрометерология жагындагы мамлекеттер аралык дагы башка уюмдарга төлөмдөр, табигый, ошондой эле жаратылыш кырсыктарынын, авариялардын жана кыйроолордун табигый кесепеттерин жоюу боюнча атайын иштер каржыланат.

2. Гидрометеорология ишин каржылоонун көлөмү республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен аныкталат.

3. Гидрометеорология иши бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу иштерди аткарууга зыян келтирбеген юридикалык жана жеке жактардын тапшырыктары боюнча келишимдик негизде жүзөгө ашырылышы мүмкүн, ошондой эле жаратылышты коргоо программаларын аткаруунун алкагында экологиялык жана башка фонддордун эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

4. Гидрометеорология жагындагы башка иштер республикалык бюджеттин эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржыланышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1950/st-11)
