# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 226 "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 226 "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19493>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-541/edition/361924/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19493.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 226 "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө" токтому (09.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19493

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 9-сентябры № 226 "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 2-сентябрындагы №190 токтому менен "Ата Журт" идеалисттик демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына 120 сандагы талапкерлердин тизмеси катталган. 2010-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Ата Журт" идеалисттик демократиялык партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына катталган Ачилов Рысбек Ташмуханбетович Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жана аны "Ата Журт" идеалисттик демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыз келип түшкөн. "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ

1."Ата Журт" идеалисттик демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Ачилов Рысбек Ташмуханбетович чыгарылсын.

2. 2010-жылдын 2-сентябрында "Ата Журт" идеалисттик демократиялык партиясынан катталган талапкердин №81 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом "Ата Журт" идеалисттик демократиялык партиясына маалымдалсын

Төрага

А.Сариев
