Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-статья. Саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу
Күчүн жоготкон · 10.07.2012 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100.
мамлекеттик органдын балдардын укуктары менен таламдарын коргоо жагындагы милдеттери
Саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган- дын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- балдарга оорулардын алдын алууну, дартты медициналык аныктоону,
дарылоо-ден соолукту чыњдоо иштерин камтыган акысыз медициналык жардам көрсөтүү аркылуу сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу;
- алардын ведомстволук баш ийүүлөрүнө карабастан саламаттык сактоо
мекемелеринде балдардын укуктары менен таламдарын коргоо боюнча мамле- кеттик саясатты ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган баардык балдарга меди-
циналык жардам алууга укуктарын ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү;
- саламаттык сактоо тармагында баланын укуктарын, эркиндиктерин
жана мыйзамдуу таламдарын коргоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу;
- сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу жагында өз компетенциясынын
чектеринде Кыргыз Республикасынын ведомстволук ченемдик укуктун актыла- рын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- саламаттык сактоо тармагында баланын укуктарын, эркиндиктерин
жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча мамлекеттик максаттуу програм- маларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- саламаттык сактоонун мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдары,
ошондой эле жеке медициналык практика жүргүзүүгө лицензиясы бар адамдар тарабынан балдарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашыруу;
- балдардын укуктары менен таламдарын коргоону ишке ашыруу, аларды
дене бой, акыл-эсин, руханий, адептүүлүк жана социалдык жактан өнүгүшүнө көмөктөшүүчү турмуштук зарыл шарттарды камсыз кылуу;
- балдар арасында оорууларды жана өлүмдү азайтуу үчүн зарыл чара-
ларды көрүү;
- үй-бүлөнү пландаштыруу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу
маселелери боюнча алдыналуучу медицина тармагында санитардык - билим берүү иштерин күчөтүү;
- саламаттык сактоо тармагында балдардын укуктары менен таламдарын
камсыз кылуу максатында министрликтер, мамлекеттик комитеттер, адми- нистрациялык ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүү;
- балдарга ташбоор мамиле жасаган учурларда алардын укуктарын кор-
гоо маселелери боюнча укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү;
- баланын денсоолугун коргоо маселелери боюнча атайын адабияттар-
ды, проспекттерди, бюллетендерди таркатуу аркылуу агартуучулук иштерди жүзөгө ашыруу;
- саламаттык сактоо маселелери боюнча балдардын укуктары менен та-
ламдарын коргоого багытталган эл аралык макулдашууларды түзүү.
Берененин тексти 10.07.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1949/st-9" title="9-статья - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>