# 50-статья. Ушул Кодекстин күчүнө кирүүсү жөнүндө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1949)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы №151 " Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.07.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100 "Кодекс Кыргызской Республики о детях"](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-25/edition/422349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1949/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси, 50-статья (10.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-50

---

1. Ушул Кодекс Балдар иштери боюнча комиссиянын жана Үй-бүлөнү жа-

на балдарды колдоо бөлүмүнүн түзүмүн, укуктук статустарын жана милдет- терин жөнгө салуучу 2007-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирүүчү жобо- лордон башкалары 2006-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук

актылары ушул Кодекске ылайык келтирилгенге чейин алардын ушул Кодекске каршы келбеген бөлүктөрү колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Кодекске ылайык келтир-

син;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларын ушул Кодекске ылайык

келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жо- горку Кењешинин кароосуна киргизсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Жашы жетпегендердин укуктарын сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамы, 22-ноябрь 1999-ж., № 126;

- "Жашы жетпегендердин укуктарын сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү ту- уралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 17-июль, 2004-ж., № 90.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

---

Мурунку берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-49)
