# 42-статья. Он төрт жашка чейинки балдардын аракетке жөндөмдүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1949)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы №151 " Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.07.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100 "Кодекс Кыргызской Республики о детях"](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-25/edition/422349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1949/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси, 42-статья (10.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-42

---

1. Он төрт жашка чейинки балдар түзгөн бүтүмдөр ушул статьянын

3-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда жараксыз болот.

2. Он төрт жашка чейинки баланын атынан бутүмдү ушул статьянын

3-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда алардын мыйзамдуу өкүлдөрү ата-энелери, асыроочулар же камкорчулар гана түзө алышат.

3. Жетиден он төрт жашка чейинки бала төмөнкү бүтүмдөрдү өз алдын-

ча жасоого укуктуу:

1) тиричиликтик майда бүтүмдөр;

2) нотариуста күбөлөндүрүүнү же жол-жоболоону, же мамлекеттик кат-

тоону талап кылбаган, кайтарымсыз пайда алууну көздөгөн бүтүмдөр;

3) мыйзамдуу өкүлү берген каражаттарды тескөө же анын макулдугу

менен үчүнчү жак тийиштүү максат үчүн же эркинче пайдалануу үчүн берген каражаттарды тескөө боюнча бүтүмдөр.

4. Он төрт жашка чейинки баланын кредиттик мекемелерге аманат са-

луу жана аларды тескөө укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

5. Он төрт жашка чейинки баланын бүтүмдөрү, анын ичинде өз алдынча

жасаган бүтүмдөрү боюнча мүлктүк жоопкерчиликти, милдеттенменин бузулу- шунда алардын күнөөсү жок экенин далилдей алышпаса, анын ата-энелери, асыроочулары же камкорчулары тартышат.

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-41)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-43)
