Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
42-статья. Он төрт жашка чейинки балдардын аракетке жөндөмдүүлүгү
Күчүн жоготкон · 10.07.2012 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100.
1. Он төрт жашка чейинки балдар түзгөн бүтүмдөр ушул статьянын
3-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда жараксыз болот.
2. Он төрт жашка чейинки баланын атынан бутүмдү ушул статьянын
3-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда алардын мыйзамдуу өкүлдөрү ата-энелери, асыроочулар же камкорчулар гана түзө алышат.
3. Жетиден он төрт жашка чейинки бала төмөнкү бүтүмдөрдү өз алдын-
ча жасоого укуктуу:
1) тиричиликтик майда бүтүмдөр;
2) нотариуста күбөлөндүрүүнү же жол-жоболоону, же мамлекеттик кат-
тоону талап кылбаган, кайтарымсыз пайда алууну көздөгөн бүтүмдөр;
3) мыйзамдуу өкүлү берген каражаттарды тескөө же анын макулдугу
менен үчүнчү жак тийиштүү максат үчүн же эркинче пайдалануу үчүн берген каражаттарды тескөө боюнча бүтүмдөр.
4. Он төрт жашка чейинки баланын кредиттик мекемелерге аманат са-
луу жана аларды тескөө укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
5. Он төрт жашка чейинки баланын бүтүмдөрү, анын ичинде өз алдынча
жасаган бүтүмдөрү боюнча мүлктүк жоопкерчиликти, милдеттенменин бузулу- шунда алардын күнөөсү жок экенин далилдей алышпаса, анын ата-энелери, асыроочулары же камкорчулары тартышат.
Берененин тексти 10.07.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1949/st-42" title="42-статья - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>