# 40-статья. Балдардын эмгегин пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1949)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы №151 " Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.07.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100 "Кодекс Кыргызской Республики о детях"](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-25/edition/422349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1949/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси, 40-статья (10.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-40

---

1. Кыргыз Республикасында менчигинин түрүнө карабастан ишканалар-

да, мекемелерде жана уюмдарда, анын ичинде кооперативдерде, үй-бүлөлүк жана ижаралык подрядда балдарды мажбурлаган же анын ден соолугуна жана (же) денебой, акыл-эс, рухий, адептик жана (же) моралдык өсүшүнө залал келтирүүчү эмгектин бардык түрлөрүнө тыюу салынат.

2. Кыргыз Республикасында балдардын эмгегин жаман түрлөрүндө пай-

даланууга тыюу салынат. Эмгек шарты зыяндуу же опурталдуу жумуштарда, жер астындагы жумуш- тарда, ошондой эле аткаруу балдардын ден соолугуна жана адептик өсүшүнө зыян келтирүүсү мүмкүн болгон жумуштарда (оюн-зоок бизнесинде, түнкү кабаре жана клубдарда, спирт ичимдиктерин, тамеки буюмдарын, бањгизат- туу жана уулуу дары-дармектерди ж.у.с. өндүрүүдө, ташып жеткирүүдө жана сатууда) балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынат. Балдардын алар үчүн белгиленген ченемден ашык оор нерселерди көтөрүүлөрүнө жана ташууларына тыюу салынат. Балдардын эмгегин колдонуу тыюу салынган жумуштардын тизмеси, ошондой эле оор нерселерди көтөрүүнүн ченемдик чектери Кыргыз Республи- касынын Өкмөтү белгилеген тартипте белгиленет.

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-41)
