Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
38-статья. Мамлекеттик органдардын саламаттык сактоо жагындагы
Күчүн жоготкон · 10.07.2012 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100.
милдеттери
1. Саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган-
дар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте төмөнкү чараларды камсыз кылышат:
- жањы төрөлгөн, ымыркай жана эрте жаштагы балдардын ден соолугун
медициналык байкоого алуу аркылуу балдардын ден соолугун коргоо боюнча;
- балдардын өлүмгө учуроо дењгээлин азайтуу боюнча;
- энелерге төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки мезгилдерде сала-
маттыгын сактоо боюнча тийиштүү кызматтарды көрсөтүү боюнча;
- ата-энелерге балдардын саламаттыгы жана тамактануусу жөнүндө,
эмчек эмизүүнүн артыкчылыктары, бала жашаган чөйрөнүн гигиенасы жана санитариясы жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча;
- алдын алуучу медициналык жардам жана үй-бүлөнү пландаштыруу жа-
гында агартуучу иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү боюнча;
- билим берүү мекемелеринде балдардын саламаттыгын сактоо, анын
ичинде тукум улоочулук, саламаттык, жыныстык билим, бањгилик, алкоголь жана тамеки маселелерин жана башка ушул сыяктуу маалыматтарды камтыган программаларды түзүү жана жайылтуу боюнча;
- жугуштуу жана коркунучтуу жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча;
- мертинүүгө учуроонун алдын алууну жана сергек жашоо мүнөзүн жа-
йылтуу боюнча.
2. Саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
гандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте балдарга оорулардын алдын алууну, медициналык диагностиканы, дарылоочу-ден соолук чыњдоочу иштерди, анын ичинде майып балдарды жана өнөкөт оорудан жабыркаган бал- дарды диспансердик байкоого алууну, медициналык реабилитациялоону жана санаторийлик-курорттук дарылоону караштырган акысыз, жеткиликтүү жана квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүнү ишке ашырат.
Берененин тексти 10.07.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1949/st-38" title="38-статья - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>