# 35-статья. Билим берүү мекемелеринин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1949)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы №151 " Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.07.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100 "Кодекс Кыргызской Республики о детях"](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-25/edition/422349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1949/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси, 35-статья (10.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-35

---

1. Балдар жана ата-энелер, аларды алмаштыруучу адамдар үчүн жетки-

ликтүү билим берүү мекемелеринин көрүнөө жерлерге уставдардын, ички тартип эрежелеринин тексттери, ал уюмдардын ишин көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын тизмеси алар менен байланышуунун жолдо- рун көрсөтүү менен илинип коюлат.

2. Билим берүү мекемелеринин ишинде балдардын укуктарын, эркиндик-

терин жана мыйзамдуу таламдарын чектөөгө жол берилбейт. Баланын мамлекеттик билим берүү мекемесине кирүүсүнө мыйзамда ка- ралбаган чектөөлөргө жол берилбейт. Мамлекеттик билим берүү мекемелеринде акчалай же материалдык кан- дайдыр жыйымдарды же акыларды мажбурлап алууга жол берилбейт.

3. Билим берүү мекемеси басмырлоону жана кордоону болтурбастан,

окуучунун укуктарын жана эркиндиктерин, окуучулардын кадыр-баркын эске алуу менен тарбиялык мүнөздөгү чаралар аркылуу гана тартипти камсыз кы- лат.

4. Билим берүү мекемелеринде балдарды уруп-согуп жазалоого жол бе-

рилбейт. Уруп-согуп жазалоо болгон учурда жазалаган адам, ошондой эле билим берүү мекемесинин жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карал- ган жоопкерчиликтерди тартышат.

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-36)
