# 33-статья. Дене-бой жана акыл-эс өнүгүүсүндө жетишсиздиги бар жана

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1949)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы №151 " Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.07.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100 "Кодекс Кыргызской Республики о детях"](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 декабря 2011 года № 255 "О внесении изменения и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203521)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1949#diff=422350..422351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-25/edition/422349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1949/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси, 33-статья (10.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-33

---

өзгөчө муктаждыктагы балдардын билим алууга укугу

1. Денебой жана акыл-эс өнүгүүсүндө жетишсиздиги бар жана өзгөчө

муктаждыктагы балдар өздөрүнүн денебой акыбалына жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыкталган мамлекеттик жалпы билим берүүчү жана башталгыч кесиптик билим берүүчү мекемелерде кепилденген акысыз билим алууга укуктуу.

2. Мамлекеттик билим берүүчү мекемелерде жалпы негизде билим алууга

жөндөмсүз денебой жана акыл-эс өнүгүүсүндө жетишсиздиги бар жана өзгөчө муктаждыктагы, балдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын дарылануусун, билим алуусун, кесиптик даярдыгын, социалдык ыңгайлашуусун жана коомго аралашуусун камсыз кылуучу атайын топторду, класстарды же уюмдарды ачууну өз ичине камтыган өзгөчө шарттар түзүлөт.

3. Билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик окуу

жайларына ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү окутуунун күндүзгү (бюджеттик) формасына квоталарды жана окутуунун күндүзгү (контракттык) формасына жана сырттан окуу бөлүмүнө жеңилдиктерди бөлүштүрөт.

4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн арналган

квоталар толук талап кылынбаган учурда, алар башка абитуриенттердин арасында жалпы шарттарда бөлүштүрүлүшү мүмкүн. (КР 2011-жылдын 29-декабрындагы №255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-34)
