Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-статья. Балдардын укуктарын ишке ашыруунун негизги принциптери
Күчүн жоготкон · 10.07.2012 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100.
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси төмөнкүдөй принцип- терге негизденет:
- мыйзамдарда бекемдөө менен баланын укуктары менен таламдарынын
биринчи кезектүүлүгүн таануу;
- расасынын, өњ-түсүнүн, жынысынын, тилинин, дининин, саясий же
башка ынанымдарынын, улуттук, этностук же социалдык тегинин, мүлктүк абалынын, ден соолук абалынын же баланын төрөлүшүнүн, анын ата-энелери- нин, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же кандайдыр башка жагдайлардын белгилери боюнча басмырлоого жол берилбөөсү;
- балдардын эњ жакшы турмушун камсыз кылуу максатында аларды би-
ринчи кезекте коргоону жана камкордук көрүүнү камсыз кылуу;
- коомдун тењ укуктуу мүчөсү катары баланын укугун жана эркиндигин
урматтоо жана камсыз кылуу;
- балага тиешелүү чечимдерди кабыл алууда анын пикирин милдеттүү
түрдө эске алуу менен баланын өз пикирин билдирүү укугун камсыз кылуу;
- баланы денебой, моралдык зомбулуктан, мазактоонун же кыянаттык-
тын, бардык түрлөрүнөн коргоону, ошондой эле камкордуктун жоктугунан же аяр эмес мамиле жасоодон улам ага карата эзүүнүн бардык түрлөрүнөн кор- гоону камсыз кылуу;
- баланы анын өнүгүү жөндөмдүүлүгүнө ылайык тарбиялоо боюнча жооп-
керчилик тартуучу ата-энелердин жана аларды алмаштыруучулардын укуктары менен милдеттерин сыйлоо;
- балдарды толук кандуу тарбиялоону камсыз кылуу, алардын укуктары
менен таламдарын коргоо, аларды коомдо жашоого даярдоо максаттарында үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
- ата-энелердин, алардын өкүлдөрүнүн жана коомдун балдардын укук-
тарына жана өзгөчө муктаждыктарына карата кулакдар болушун жана сезим- талдыгын жогорулатуу;
- баланын укуктарын коргоо боюнча кызматтарды децентралдаштыруу,
балдардын укуктары менен таламдарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелердин ортосундагы өнөктөштүктү камсыз кылуу;
- баланын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын бузу-
улар, ага залал келтирүү үчүн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын, ошондой эле жарандар- дын жоопкерчиликтери;
- баланы коргоо боюнча чараларды көрүүдө анын этностук, диний жана
маданий тегин эске алуу менен баланы камкордукка алуунун, тарбиялоонун жана билим берүүнүн туруктуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу;
- мамлекет, коом, үй-бүлө тарабынан баланын укуктары менен эркин-
диктерин сактоо жана коргоо;
- ата-энелер менен аларды алмаштыруучу адамдардын баланын таламда-
рын жакшы камсыз кылууга өзгөчө көњүл буруу менен анын ойдогудай өнүгүшүн камсыздоо милдеттери.
Берененин тексти 10.07.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1949/st-3" title="3-статья - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>