27-статья. Ата-энелердин жана аларды алмаштырчу адамдардын
Күчүн жоготкон · 10.07.2012 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100.
жоопкерчиликтери
Ата-энелер жана аларды алмаштырчу адамдар баланын толук кандуу өсүүсүнө, тарбиялануусуна, билим алуусуна, ден соолугунун чыњдалышына, үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча жашоого даярдануусуна зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү. Ата-энелердин экөө тењ, же аларды алмаштырган адам- дар баланын тарбиялануусу, тийиштүү түрдө багылуусу, материалдык жактан жана турак жай менен камсыз болуусу үчүн кам көрүүгө бирдей милдеттүү. Ата-энелердин же бала багуусунда турган аларды алмаштырчу адамдар- дын баланын мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын бузуулары, чектөөлөрү, ошондой эле баланын ден соолугуна жетиштүү кароону жүргүзбөгөнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке кириптер кылат. Ата-энелери өлгөн, ата-энелик укуктан ажыратылган, ата-энелик укуктары чектелген, ата-энелери аракетке жөндөмсүз деп табылган, ата-энелери ооруган, ата-энелери узакка жок болгон, ата-энелери балдар- ды тарбиялоодон же алардын укуктарын жана таламдарын коргоодон качкан учурларда, анын ичинде ата-энелери өз балдарын тарбиялоочу мекемелер- ден, дарылоочу мекемелерден, калкты социалдык коргоо мекемелеринен жана башка ушул сыяктуу мекемелерден алуудан баш тарткан учурларда, ошондой эле ата-энелик багуусу жок болгон башка учурларда баланын укуктарын жа- на таламдарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баланын кызыкчылыгында балдардын кызыкчылыктары үчүн иштеген Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнө жана Балдар иштери боюнча комиссияга тапшыры- лат. Ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар баланы тарбиялоого, алардын билим алуусуна кам көрүүгө, баланын жаш курагына жана жөндөмүнө жараша анын аракеттерин башкарууга укуктуу жана милдеттүү. Ата-энелик укуктар балдардын кызыкчылыктарына каршы ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Балдардын таламдарын камсыз кылуу алардын ата-энелеринин же аларды алмаштыруучу адамдардын негизги камкордугу болууга тийиш. Ата-энелер же аларды алмаштырчу адамдар ата-энелик укуктарын ишке ашырууда балдардын дене бой жана психикалык саламаттыгына, алардын адеп-ыймандык өнүгүүсүнө залал келтирүүгө укуктары жок. Балдарды тарби- ялоо ыкмалары баланы этибар албаган, катаал, орой, адамдык намысты бас- мырлаган мамилеге, мазактоого же эксплуатациялоого жол бербөөгө тийиш.
Берененин тексти 10.07.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1949/st-27" title="27-статья - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>