# 26-статья. Баланын үй-бүлөлүк укук мамилелерге укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1949)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы №151 " Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.07.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100 "Кодекс Кыргызской Республики о детях"](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-25/edition/422349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1949/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси, 26-статья (10.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-26

---

1. Ата-энелеринин биринен же экөөнөн тењ ажыратуу баланын кызыкчы-

лыгы үчүн зарыл болгондон башка учурларда ар бир бала үй-бүлөсүндө жа- шоого, ата-энесинин экөөнү тењ билүүгө жана алардын камкордугуна алыну- уга, алар менен чогуу жашоого укуктуу.

2. Бала ата-энелеринен ушул Кодекстин жана Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарынын ченемдерине ылайык чыгарылган чечим боюнча анын пикирин эске алуу менен, анын эњ жакшы кызыкчылыктары үчүн гана ажыратылышы мүмкүн.

3. Ата-энелери бөлөк жашаган, алардын никеси ажыратылган же бала

үй-бүлөдөн башка жакка жайгаштырылган, баланы ата-энелеринин биринен же экөөнөн тењ ажыратуу баланын кызыкчылыгы үчүн гана жасалгандан башка учурларда, бала өзүнүн ата-энелерин билүүгө жана алар менен баарлашууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-27)
