# 23-статья. Ишеним жана дин тутуу эркиндигине укуктуулук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1949)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы №151 " Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.07.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100 "Кодекс Кыргызской Республики о детях"](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-25/edition/422349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1949/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси, 23-статья (10.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-23

---

1. Ар бир бала каалаган динди эркин тутунууга же эч бир динди ту-

тунбоого укуктуу.

2. Эч ким баланын, ошондой эле анын ата-энесинин, же аларды алмаш-

тыруучу адамдардын макулдугусуз динин өзгөртүүгө же тигил же бул динди тутунууга мажбурлоого акысы жок.

3. Динге ишенүү жана тутунуу эркиндиги мамлекеттик коопсуздукту,

коомдук тартипти, калктын ыймандуулугун жана башка адамдардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн зарыл учурларда гана мыйзамдын же соттун чечиминин негизинде чектелиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-24)
