# 2-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1949)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы №151 " Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.07.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100 "Кодекс Кыргызской Республики о детях"](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-25/edition/422349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1949/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси, 2-статья (10.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-2

---

Ушул Кодексте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: ар тараптан баа берүү - Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм тарабынан жүргүзүлүүчү баланын өмүр таржымалын жана анын ке- ректөөлөрүн толук баалоо; мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган - балдардын укуктарын жана та- ламдарын коргоо маселелери боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органы; баланын аракетке жөндөмдүүлүгү - баланын өз аракети менен жарандык укукту алууга жана ишке ашырууга, өзү үчүн жарандык милдеттерди түзүүгө жана аларды аткарууга (жарандык аракетке жөндөмдүүлүк) жөндөмдүүлүгү; турмуштук кризистик кырдаалга тушуккан балдар - ата энесинен каро- осуз калган, акыл-эсинин жана/же денебоюнун өнүгүүсүнүн кемчилиги бар, куралдуу жана улуттар аралык жањжалдардын, экологиялык жана техногендик кыйроолордун, табигый кырсыктардын курмандыгы болушкан, качкын үй-бүлөлөрдөн жана мажбурлап көчүрүлгөндөрдөн чыккан, экстремалдык шарттарда калган, зомбулуктун курмандыгы болушкан; түзөтүү колонияла- рында эркиндигинен ажыратылуу менен жаза өтөп жатышкан, атайын оку- туу-тарбиялоо мекемелеринде жүргөн, түзүлгөн жагдайдын кесепетинен тур- мушу бузулган, жакыр үй-бүлөлөрдө жашаган жана мындай жагдайды өз ал- дынча же үй-бүлөсүнүн жардамы менен жењип чыга албаган балдар; балдар сойкулугу - баланы акы төлөө же ордун толтуруунун ар кандай башка формасы үчүн сексуалдык мүнөздөгү иштерге пайдалануу; балдар порнографиясы - баланы реалдуу же моделдештирилген ачык сексуалдык аракеттерди жасап жаткан баланы кандай гана болбосун баардык каражаттар менен ар кандай сүрөткө тартуу же сексуалдык максаттарда ба- ланын жыныс органдарын ар кандай сүрөткө тартуу; БИК - Балдар иштери боюнча комиссия; ҮБКБ - Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм; камкорчу (көзөмөлчү) - мыйзамда белгиленген тартипте камкорчулук жана көзөмөлчүлүк кылуу иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн дайындалган адам; камкорчулук (көзөмөлчүлүк) - сот тарабынан аракетке жөндөмсүз (аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген) деп табылган балдардын жана адамдар- дын укуктары менен таламдарын укуктук коргоонун түрү; баланын укукка ээлиги - бала төрөлгөн учурдан тартып пайда болуучу жана өлүмү менен токтоочу жарандык укуктарга жана милдеттерге ээ болуу жөндөмдүүлүгү; асыроочу үй-бүлө - баланы үй-бүлөгө тарбиялоого берүү жөнүндө ке- лишимдин негизинде түзүлгөн үй-бүлө же мыйзамдарда белгиленген тартипте бала асырап алуучу үй-бүлө; камкордук көрүү планы - Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм тарабынан иштелип чыккан балага жана анын үй-бүлөсүнө (айланасын- дагыларга) ар тараптан баа берүүнүн негизинде баланы коргоо боюнча кыз- мат көрсөтүүлөрдү кењири чагылдырган документ; кызмат көрсөтүүлөр боюнча план - ошол Бөлүмдө баланын ке- ректөөлөрүн камсыз кылуу максатында Үй-бүлө жана балдарды коргоо боюнча бөлүм тарабынан түзүлгөн, балдарды коргоо боюнча кызматтарды кењири ча- гылдыруучу ар жылдык план; бала (балдар) - он сегиз жашка чыга элек жеке адамдар; териштирүү - балдардын муктаждыктарын жана анын турмуш жагдайын, ошондой эле баланы коргоого көмөк болуучу зарыл кызмат көрсөтүүлөрдүн өлчөмүн алдынала иликтөө; качкын бала - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык качкын статусу берилген бала; үй-бүлө - никеден, туугандыктан, бала асырап алуу же балдарды тар- бияга алуунун дагы башка түрлөрүнөн улам келип чыгуучу, үй-бүлөлүк ма- милелердин чыњдалышына жана өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө кызмат кылуучу мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктар жана милдеттенмелер менен байла- нышкан адамдардын чөйрөсү; үй-бүлөлүк балдар үйү - жетим балдарга жана ата-энелеринен кароо- суз калган балдарга коомдук-мамлекеттик камкордук көрүүнүн жана тарбия берүүнүн бир түрү; баланын социалдык жактан көнүүсү - турмуштук оор кырдаалда калган баланын коомдо кабыл алынган жүрүм-турум эрежелери менен ченемдерине жигердүү ыњгайлашуу, ошондой эле психологиялык же моралдык жабыркоо ке- сепеттерин жоюу процесси; социалдык реабилитация - бала ажырап калган социалдык байланыштар- ды жана иш милдеттерин калыбына келтирүүгө, ошондой эле жашоо-тиричилик чөйрөлөрүн толуктоого, ага камкордукту күчөтүүгө багытталган мамлекет- тик жана башка мамлекеттик эмес органдардын, уюмдардын жана мекемелер- дин иш-чараларынын комплекси; балдарды сатуу - ар кандай акты же бүтүм аркылуу сыйакы же ар кан- дай башка ордун толтуруулар үчүн баланын ар кандай адам же адамдардын тобу тарабынан ар кандай башка адамга же адамдардын тобуна берилиши; фостердик үй-бүлө - бала эрезеге жеткенге чейин аны белгиленген тартипте камкордукка же көзөмөлдүккө алуучу үй-бүлө; ювеналдык юстиция - мыйзам менен келишпөөчүлүктө жүргөн 14төн 18 жашка чейинки балдарга карата көрүлүүчү иш-чаралардын системасы, ал сот адилеттигин ишке ашыруу жана социалдык реабилитациялоо маселелерин кам- тыйт.

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-3)
