# 19-статья. Баланын төрөлүшүн каттоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1949)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы №151 " Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.07.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100 "Кодекс Кыргызской Республики о детях"](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 апреля 2009 года №132 "О внесении изменения в Кодекс Кыргызской Республики о детях"](https://aqlex.ai/kg/doc/203140)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1949#diff=422349..422350>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-25/edition/422349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1949/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси, 19-статья (10.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-19

---

1. Бала медициналык мекемеде төрөлгөн учурда, анын төрөлүү факты-

сын каттоо үчүн эки нускада төрөлгөндүгү жөнүндө маалымкат жазылып, анын бири энесине же атасына берилет, экинчиси бала төрөлгөн күндөн тартып беш күндүн ичинде баланын жашаган жери боюнча жарандык абал ак- тыларын жазуу органдарына (мындан ары - ЗАГС) жиберилет. Төрөлгөндүгү жөнүндө маалымкаттын бир көчүрмөсү төрөт үйүндө ка- лат. Төрөт үйү баланын туулгандыгы жөнүндө маалыматты 20 жыл бою сак- тайт. Жыл сайын үстүдөгү жыл аяктагандан кийинки айдан кечиктирбестен төрөлүү фактысын каттоо журналы төрөт үйү жана райондук ЗАГС тарабынан архивдештирүү жана андан ары сактоо үчүн ЗАГСтын борбордук архивине жөнөтүлөт.

2. Бала медициналык мекемеден сырткары жерде төрөлгөн учурда, врач

же саламаттык сактоонун тиешелүү органы тарабынан ыйгарым укук берилген башка медициналык кызматкер ушул статьянын 1-пунктунда аныкталган тар- типте, баланын төрөлүү фактысын бышыктаган маалымкат жазууга тийиш.

3. Баланын төрөлүү фактысын каттоодо андан ата-энелери баш тарткан

учурда, маалымкаттын бир нускасы милдеттүү түрдө бала жибериле турган балдар мекемесине жөнөтүлөт.

4. Баланын ата-энеси, врач же саламаттык сактоо органдары ыйгарым

укук берген медициналык кызматкер тарабынан ушул статьянын талаптарынын аткарылбашы көрсөтүлгөн адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.

5. Баланын төрөлүүсүн каттоо, баланын тегин аныктоо, ошондой эле

атасын аныктоо, баланын туулгандыгы тууралу күбөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. ( Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги №132 Мызамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-20)
