Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
19-статья. Баланын төрөлүшүн каттоо
Күчүн жоготкон · 10.07.2012 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 апреля 2009 года №132
1. Бала медициналык мекемеде төрөлгөн учурда, анын төрөлүү факты-
сын каттоо үчүн эки нускада төрөлгөндүгү жөнүндө маалымкат жазылып, анын бири энесине же атасына берилет, экинчиси бала төрөлгөн күндөн тартып беш күндүн ичинде баланын жашаган жери боюнча жарандык абал ак- тыларын жазуу органдарына (мындан ары - ЗАГС) жиберилет. Төрөлгөндүгү жөнүндө маалымкаттын бир көчүрмөсү төрөт үйүндө ка- лат. Төрөт үйү баланын туулгандыгы жөнүндө маалыматты 20 жыл бою сак- тайт. Жыл сайын үстүдөгү жыл аяктагандан кийинки айдан кечиктирбестен төрөлүү фактысын каттоо журналы төрөт үйү жана райондук ЗАГС тарабынан архивдештирүү жана андан ары сактоо үчүн ЗАГСтын борбордук архивине жөнөтүлөт.
2. Бала медициналык мекемеден сырткары жерде төрөлгөн учурда, врач
же саламаттык сактоонун тиешелүү органы тарабынан ыйгарым укук берилген башка медициналык кызматкер ушул статьянын 1-пунктунда аныкталган тар- типте, баланын төрөлүү фактысын бышыктаган маалымкат жазууга тийиш.
3. Баланын төрөлүү фактысын каттоодо андан ата-энелери баш тарткан
учурда, маалымкаттын бир нускасы милдеттүү түрдө бала жибериле турган балдар мекемесине жөнөтүлөт.
4. Баланын ата-энеси, врач же саламаттык сактоо органдары ыйгарым
укук берген медициналык кызматкер тарабынан ушул статьянын талаптарынын аткарылбашы көрсөтүлгөн адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.
5. Баланын төрөлүүсүн каттоо, баланын тегин аныктоо, ошондой эле
атасын аныктоо, баланын туулгандыгы тууралу күбөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. ( Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги №132 Мызамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.07.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 27 апреля 2009 года №132 "О внесении изменения в Кодекс Кыргызской Республики о детях"Редакцияларды салыштыруу
27.04.2009 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кызматкер ушул статьянын 1-пунктунда аныкталган тар-
типте, алынып салынды: бала төрөлгөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде баланын төрөлүү фактысын бышыктаган маалымкат жазууга тийиш.
3. … тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
кошулду: ( Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги №132 Мызамынын
редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1949/st-19" title="19-статья - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>