# 14-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Балдардын

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1949)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы №151 " Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.07.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100 "Кодекс Кыргызской Республики о детях"](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-25/edition/422349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1949/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси, 14-статья (10.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-14

---

укуктары менен таламдарын коргоочу атайын ыйгарым укуктуу органдын укуктук статусу жана компетенциялары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Балдардын укуктары менен таламдарын коргоочу атайын ыйгарым укуктуу органдын башкы милдеттери төмөнкүлөр:

- балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын

коргоо жагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

- балдарды социалдык коргоо боюнча мамлекеттик минималдуу кызмат

көрсөтүүлөрдү, аларды сактоонун жана мазмунун түшүндүрүүнүн мониторин- гин иштеп чыгуу;

- балдардын укуктары менен таламдарын коргоо жагында иштеген уюм-

дарды аккредитациялоо жана алардын иштерин көзөмөлдөө;

- Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн жылдык иш планын

бекитүү;

- балдардын укуктары, ошондой эле БУУнун баланын укуктары боюнча

конвенциясынын жоболору жөнүндө коомчулукка маалымдоону жогорулатуу;

- Балдар иштери боюнча комиссиянын чечимдерине, анын ичинде балдар

тарабынан берилген даттанууларды жана арыздарды кароо.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-15)
