# 10-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмгек жана калкты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1949)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы №151 " Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.07.2012
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 10 июля 2012 года № 100 "Кодекс Кыргызской Республики о детях"](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-25/edition/422349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1949/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодекси, 10-статья (10.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-10

---

социалдык жактан коргоо тармагында балдардын укуктары менен таламдарын коргоо жагындагы милдеттери

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо тармагындагы милдеттерине төмөнкүлөр тиешелүү:

- эмгек жана социалдык жактан коргоо тармагында балдардын укуктары

менен таламдарын коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

- эмгек жана социалдык коргоо тармагында балдардын өзүлөрүнүн

укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын ишке ашырууга багыт- талган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу;

- эмгек жана социалдык коргоо тармагында баланын укуктарын, эркин-

диктерин жана мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

- социалдык коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик жардам алууга

мүмкүнчүлүктөрү бар балдарга алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымат берүү боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу;

- эмгек жана социалдык коргоо тармагында балдардын укуктары менен

таламдарын коргоого багытталган эл аралык макулдашууларды түзүү.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1949/st-11)
