# 9-статья. Билим берүү жаатындагы социалдык стандарттар

- Документ: [Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1948)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы № 149 "Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.05.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 мая 2009 года № 170 "О гарантированных государственных минимальных социальных стандартах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202576)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1870/edition/285199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1948/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө, 9-статья (26.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-9

---

Билим берүү жаатындагы социалдык стандарттар катары төмөндөгүлөр

белгиленет:

- мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан мамлекеттик тапшырык-

тын жана билим берүү стандарттарынын чегинде бардык дењгээлде билим

берүүнүн нормасы катары акысыз жана жалпыга бирдей билим берүү жагында-

гы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги, эгерде жаран бул дењгээлдеги билимди

биринчи жолу алып жаткан болсо;

- негизги билим берүү программаларын камсыз кылуунун милдеттүү ми-

нималдуу нормалары жана бардык дењгээлдеги билим алуучулардын окуу

жүктөмүнүн эњ жогорку көлөмү;

- бүтүрүүчүнүн даярдыгынын дењгээлине жана окуп жатышкандардын

белгилүү бир билим берүү программаларын өздөштүрүшкөнүн тастыктоочу до-

кументтердин формасына коюлуучу талаптардын нормалары;

- жарандардын жалпыга бирдей жана мектепке чейинки билим берүү ме-

кемелеринде, кесиптик орто жана кесиптик жогорку окуу жайларында акысыз

билим алуу укуктарын ишке ашыруу тартиби жана формалары;

- акысыз билим алуу укугунан пайдаланышкан кесиптик орто жана ке-

сиптик жогорку билим берүү мекемелеринде окуп жатышкандардын санынын

(үлүшүнүн) нормативдери;

- ар кандай типтеги жана түрдөгү билим берүү мекемелерин материал-

дык, кадр жана техникалык жактан камсыз кылуу нормалары жана норматив-

дери;

- билим берүү мекемелериндеги балдардын тамактануу нормалары;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү болгон адамдарга акысыз

атайын билим берүү тартиби;

- балдарды окуу китептери менен камсыз кылуунун нормативдери.

Билим берүү жаатындагы социалдык стандарттар "Билим берүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат жана билим берүүнү баш-

каруунун мамлекеттик борбордук органы тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-10)
