# 16-статья. Дене тарбия жана спорт жаатындагы социалдык стандарттар

- Документ: [Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1948)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы № 149 "Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.05.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 мая 2009 года № 170 "О гарантированных государственных минимальных социальных стандартах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202576)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1870/edition/285199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1948/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө, 16-статья (26.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-16

---

Дене тарбия жана спорт жаатындагы социалдык стандарттар

төмөнкүлөрдүн белгиленишин караштырат:

- белгиленген мамлекеттик билим берүү программаларынын алкагында

окуп жатышкандардын өсүп жетилишин материалдык, кадр жана техникалык

жактан камсыз кылуунун нормаларын жана нормативдерин;

- спорт курулмаларынын бир мезгилде өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүнүн

нормативдерин;

- спорт багытындагы товарларды өндүрүүнүн нормативдерин;

- балдар менен өспүрүмдөрдүн спорт мектептерине окуучуларды тартуу

нормативдерин;

- спорттук резервди, жогорку спорт чеберлерин даярдоо тутумуна

окуучуларды тартуу нормаларын;

- спорттук курулмаларды алардын түрлөрү боюнча: спорттук имарат-

тар, жалпак курулмалар менен камсыз кылуу нормативдерин;

- атайын билим берүү мекемелериндеги жана олимпиадалык резервдеги

балдарды тамактандыруу нормаларын;

- дене тарбия жана спорт менен машыгуу кепилдиктерин камсыз кылуу

үчүн калкты каржылоонун минималдуу дењгээлин.

Дене тарбия жана спорт жаатындагы социалдык стандарттар "Дене тар-

бия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө са-

лынат. Калктын өсүп жетилишин жана спортту каржылоонун минималдуу

дењгээли ыйгарым укуктуу мамлекеттик финансы органдарынын макулдугу ме-

нен дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тара-

бынан өлчөнөт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылат жана

тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кара-

ганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бекитилет.

III глава

Минималдуу керектөө бюджети

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-17)
