# 14-статья. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы

- Документ: [Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1948)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы № 149 "Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.05.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 мая 2009 года № 170 "О гарантированных государственных минимальных социальных стандартах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202576)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1870/edition/285199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1948/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө, 14-статья (26.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-14

---

социалдык стандарттар

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы социалдык стан-

дарттар төмөнкүлөрдүн белгиленишин караштырат:

- айлана-чөйрөнүн сапат нормативдер тутумун;

- жарандарга айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө так маалымат берүү тар-

тибин;

- экологиялык коопсуздук бузулган учурда жарандардын ден соолугуна

же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин.

Айлана-чөйрөнүн сапат нормативдер тутуму төмөнкүлөрдү өзүнө кам-

тыйт:

- атмосфералык абада, сууда, кыртышта жана жер астында зыяндуу

заттардын концентрациясынын жол берилген акыркы чегинин нормативдерин;

- жараксыз жана зыяндуу калдык заттардын жол берилген чегинин нор-

мативдерин;

- радиациялык таасирдин жол берилген чегинин нормативдерин;

- айлана-чөйрөгө оордук келтирүү дењгээлинин жол берилген чегинин

нормативдерин;

- санитардык жака коргоо зоналарынын нормативдерин;

- пайдаланылып жаткан жаратылыш ресурстарына стандарттарды;

- дүрүлдөө, дирилдөө, электр магнит талааларынын термелүү жана

башка зыяндуу таасиринин дењгээлдеринин жол берилген чегинин норматив-

дерин;

- айыл чарбасында химикаттарды колдонуунун жол берилген чегинин

нормативдерин;

- тамак-аш азыктарындагы химиялык концентрациялардын, уулуу, кан-

церогендик заттардын жана биологиялык кошулмалардын жол берилген чеги-

нин нормативдерин.

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы стандарттар "Ай-

лана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бел-

гиленет. Айлана-чөйрөнүн сапат нормативдери айлана-чөйрөнү коргоонун

ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте бекитилет.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-15)
