# 13-статья. Калкты жана жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу

- Документ: [Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1948)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы № 149 "Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.05.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 мая 2009 года № 170 "О гарантированных государственных минимальных социальных стандартах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202576)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1870/edition/285199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1948/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө, 13-статья (26.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-13

---

жаатындагы социалдык стандарттар

Калкты жана жумушсуз жарандарды иш менен камсыз кылуу жаатындагы

социалдык стандарттар төмөнкүлөрдүн белгиленишин караштырат:

- убактылуу материалдык колдоо көрсөтүү үчүн расмий каттоодон

өткөн жумушсуз жарандарга мамлекеттик кепилдик катары колдонулуучу жу-

мушсуздук базалык жөлөкпулду. Базалык жөлөкпулдун өлчөмү мамлекеттик

социалдык камсыздандыруу органынын бюджети жөнүндө мыйзамды бекиткен

учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бекитилет;

- жумуш издеген жарандарга же жумушсуздарга калкты иш менен камсыз

кылуу мамлекеттик кызматтары тарабынан калкты иш менен камсыз кылууга

көмөктөшүү боюнча көрсөтүлүүчү тейлөө кызматтарынын төмөнкүдөй

түрлөрүнүн тизмегин:

- жумуш берүүчүлөр тарабынан билдирилген бош жумушчу орундар

жөнүндө маалыматтар;

- ишсиз калкты кесиптик даярдоо жана кайра даярдоонун алкагындагы

окутуу курстары жөнүндө маалыматтар;

- калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө Кыргыз Респуб-

ликасынын мыйзамдарынын маселелери боюнча консультациялар.

Жумушсуз жарандарга төмөнкүдөй кошумча тейлөө кызматтары

көрсөтүлөт:

- кесиптик даярдоо, кайра даярдоо курстарында окутуу жана окуунун

жүрүшүндө стипендия алуу;

- өзүн-өзү иш менен камсыз кылуу жана жеке бизнес уюштурууда кон-

сультация берүү кызматтары жана финансы жагынан колдоо көрсөтүү кызмат-

тары;

- акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу боюнча программаларга

катышуу мүмкүнчүлүгү;

- айыл жеринде коомдоштуктун демилгелерин колдоо жолу менен иш ме-

нен камсыз кылуу;

- жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөө.

Калкты иш менен камсыз кылуу жаатындагы социалдык стандарттар

"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамы менен белгиленет. Калкты иш менен камсыз кылууга

көмөктөшүү боюнча тейлөө кызматтары калкты иш менен камсыз кылуунун

мамлекеттик кызматтары тарабынан Калкты иш менен камсыз кылууга

көмөктөшүү фондунун, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кара-

жаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-14)
