# 10-статья. Турак жай-коммуналдык тейлөө жаатындагы социалдык

- Документ: [Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1948)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы № 149 "Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 149
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.05.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 мая 2009 года № 170 "О гарантированных государственных минимальных социальных стандартах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202576)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1870/edition/285199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1948/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө, 10-статья (26.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-10

---

стандарттар

Турак жай-коммуналдык тейлөө жаатындагы социалдык стандарттар ка-

тары төмөнкүлөр белгиленет:

- турак жай аянтынын социалдык нормасы;

- калкка көрсөтүлүүчү коммуналдык тейлөө кызматтарынын тизмеги жа-

на нормативдери;

- жарандардын турак жай жана коммуналдык тейлөө кызматына

төлөгөнгө кетүүчү жол берилген эњ жогорку чыгымдарынын үлүшү үй-бүлөнүн

жыйынды кирешесинин пайызы менен;

- калктын кирешеси төмөн топторуна турак жай субсидияларын берүү

тартиби;

- бир айда 1 чарчы м. турак жайга берилүүчү турак жай-коммуналдык

тейлөө кызматтарынын жеткен чегинин наркы;

- турак жай-коммуналдык тейлөө кызматтары акысыз же жарым-жартылай

акы төлөнүү менен берилүүчү жарандардын категориялары;

- турак жай алууга же турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж бол-

гон жарандардын эсебин алуу тартиби;

- бир адамга эсептегенде турак жай жана жалпы аянт менен камсыз

кылуунун нормасы.

Турак жай-коммуналдык кызматтары турак жайды жана киши жүрчү лифт-

ти техникалык жактан тейлөөнү, ысык жана муздак суулардын, электр-жылу-

улук энергиясынын, газдын берилишин, пайдаланган суунун агып кетишин,

радио жана жамааттык антенна менен камсыз кылууну, турмуш-тиричилик

таштандыларынын ташылып турушун өзүнө камтыйт.

Жарандардын турак жай жана коммуналдык тейлөө кызмат акысынын эњ

жогорку чеги катары кабыл алынган чыгымдарынын үлүшү үй-бүлөнүн жыйынды

кирешесинин пайызы менен, ошондой эле бир айда 1 чарчы м. турак жайга

берилүүчү турак жай-коммуналдык тейлөө кызматтарынын жогорку чегинин

наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Калктын кирешеси төмөн топторуна турак жай субсидиялары менен ком-

пенсацияларды берүү тартиби жана үй-бүлөлөр менен жарандар үчүн турак

жай аянтынын социалдык нормасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жер-

гиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилет.

Турак жай-коммуналдык тейлөө кызматтары акысыз жана жарым-жартылай

акы төлөө менен берилүүчү жарандардын категориялары Кыргыз Республика-

сынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1948/st-11)
