# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 4-сентябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочунун колунун манжасын маркировкалоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 4-сентябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочунун колунун манжасын маркировкалоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 196
- Кабыл алынган күнү: 04.09.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19463>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-511/edition/665477/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19463.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 4-сентябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочунун колунун манжасын маркировкалоо жөнүндө" токтому (28.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19463

---

КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 89 токтомуна ылайык күчүн жоготкон

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 4-сентябры № 196 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочунун колунун манжасын маркировкалоо жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 2-, 3-пунктчаларына, 40-беренесине ылайык, таза жана ачык-айкын шайлоолорду камсыз кылуу, ошондой эле шайлоочулардын кайталап добуш берүүсүн болтурбоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочунун колунун манжасын маркировкалоо колдонулсун.

2. Шайлоочунун колунун манжасын маркировкалоо тартиби бекитилсин (тиркелет).

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
