# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №157 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №157 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1946>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1868/edition/858076/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1946.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы №157 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамы (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1946

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары

2006-жылдын 8-августу № 157

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине

өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

2006-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1946/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.)

төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. Бүткүл текст боюнча мамлекеттик тилде ар кандай жөндөмөлөрдүн

түрүндө "жактоо өкүмү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "актоо өкүмү"

деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 348-статьянын биринчи бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы 6-пункт

менен толукталсын:

"6) даттанылган сот актысын алып салуу жөнүндө жана ишти биринчи

инстанциядагы сотко кайрадан карап чыгууга жөнөтүү тууралу, болбосо

сотто жоюлбай турган тергөөнүн өксүктөрүн толтуруу үчүн ишти прокурорго

кайра кайтаруу жөнүндө аныктама.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1946/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
