# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 24-августу № 176 "Көзөмөлдөө-текшерүү тобу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 24-августу № 176 "Көзөмөлдөө-текшерүү тобу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 176
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19443>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-491/edition/713964/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19443.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 24-августу № 176 "Көзөмөлдөө-текшерүү тобу жөнүндө" токтому (28.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19443

---

КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 96 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 24-августу № 176 Көзөмөлдөө-текшерүү тобу жөнүндө 2010-жылдын 10-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу чыгымдалышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 52-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-, 10-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында Көзөмөлдөө текшерүү топ жөнүндө" Жобо бекитилсин.

2. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Абдыкалыкова бекитилсин.

3. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын кароосуна көзөмөлдөө текшерүү тобунун сапаттык курамы боюнча сунуштарды киргизсин.

4. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун мүчөлөрүнүн эмгегине акы төлөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.

5. 2008-жылдын 7-августундагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын № 38 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Абдыкалыковага жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
