1-статья
Күчүндө · 08.08.2006 редакциясы
"Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведо-
мосттору, 1998-ж., № 10, 375-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү
киргизилсин:
1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-статья менен толукталсын:
"6-1-статья. Мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда
түзүлгөн селекциялык жетишкендик
Эгерде селекциялык жетишкендик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
муктаждыгы үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлсө,
анда селекциялык жетишкендикке табыштама берүү жана патент алуу укугу
аткаруучуга (ишти көтөрүүчү) тийиштүү, эгерде анын атынан мамлекеттик
тапшырыкчы чыкса жана бул укук Кыргыз Республикасына тийиштүү экендиги
мамлекеттик контракт менен белгиленбесе.
Эгерде мамлекеттик контрактка ылайык, патент алуу укугу Кыргыз
Республикасына тийиштүү болсо, мамлекеттик тапшырыкчы селекциялык же-
тишкендик катарында укуктук коргоого жөндөмдүү чен-өлчөм алуу жөнүндөгү
аткаруучунун (ишти көтөрүүчүнүн) жазуу түрүндөгү анын кабарламасы жи-
берген учурунан баштап, алты айдын ичинде патент алууга табыштама бере
алат. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде мамлекеттик тапшырыкчы табыш-
тама бербесе, патент алуу укугуна аткаруучу (ишти көтөрүүчү) ээ болот.
Эгерде Кыргыз Республикасынын муктаждыгы үчүн мамлекеттик контракт
боюнча иштерди аткарууда селекциялык жетишкендиктерге ушул статьянын
биринчи бөлүгүнө ылайык патентти мамлекеттик эмес тапшырыкчы алган
учурда, патент ээси мамлекеттик тапшырыкчынын талап кылуусу боюнча анын
көрсөткөн жагына (жактарына) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаж-
дыгы үчүн иштерди аткаруу же продукцияны жөнөтүүнү жүзөгө ашыруу макса-
тында ушул селекциялык жетишкендиктерди пайдаланууга өзгөчөлөнбөгөн ли-
цензия берүүгө милдеттүү.
Патент ээси болуп саналбаган, селекциялык жетишкендиктин авторуна
ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык, патент алган жак аркылуу сыйакы
төлөнөт. Сыйакы төлөөдө тиешелүү түрдө ушул Мыйзамдын 22-статьясынын
жоболору колдонулат.".
2. 7-статьянын бешинчи бөлүгүндөгү "кыргыз же орус" деген сөздөр
тиешелүү түрдө "мамлекеттик же расмий" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 08.08.2006 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1944/st-1" title="1-статья - Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>