# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 23-августундагы № 172 "Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдарынын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускамага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 23-августундагы № 172 "Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдарынын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускамага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 172
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-487/edition/713936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 23-августундагы № 172 "Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдарынын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускамага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (28.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19439

---

КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 23-августу № 172 Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдарынын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускамага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010 жылдын 17августундагы № 163 токтому менен бекитилген "Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө" Нускамага төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: -8.1. пунктундагы - "жеке каражаттарынан же" деген сөз алып салынсын -8.2.пунктундагы - "проценттеги" деген сөздөн кийин "добушун" деген сөз менен толукталсын; -8.3. пункт - алып салынсын; -8.4.пункт тийиштүү 8.3. пункту деп эсептелсин; -9.7 пункт - алып салынсын. 2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Ж. Абдыкалыкову жүктөлсүн. 3 Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.

Төрага

А.Сариев
