# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 23-августундагы № 171 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнундө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 25- беренесинин 3- пунктун, 69 –беренесинин 1- пунктун, 70- беренесин, 72- беренесинин 3- пунктун, 77-беренесинин З -пунктун колдонуу боюнча түшүндүрмө тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 23-августундагы № 171 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнундө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 25- беренесинин 3- пунктун, 69 –беренесинин 1- пунктун, 70- беренесин, 72- беренесинин 3- пунктун, 77-беренесинин З -пунктун колдонуу боюнча түшүндүрмө тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 171
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19438>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-486/edition/361783/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19438.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 23-августундагы № 171 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнундө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 25- беренесинин 3- пунктун, 69 –беренесинин 1- пунктун, 70- беренесин, 72- беренесинин 3- пунктун, 77-беренесинин З -пунктун колдонуу боюнча түшүндүрмө тууралуу" токтому (23.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19438

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 23-августу № 171 Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнундө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 25- беренесинин 3- пунктун, 69 –беренесинин 1- пунктун, 70- беренесин, 72- беренесинин 3- пунктун, 77-беренесинин З -пунктун колдонуу боюнча түшүндүрмө тууралуу «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин ченемдерин колдонуу маселелери боюнча шайлоо процессинин катышуучуларынын көптөгөн кайрылууларына байлануштуу, аталган Кодекстин жоболорун бир түрдүү жана так колдонуу максатында, ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинде камтылган коллизиялык ченемдерди чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 25-беренесинин 3-пунктун, 69-беренесинин 1-пунктун, 70-беренесин, 72-беренесинин 3-пунктун, 77-беренесинин 3-пунктун колдонуу боюнча түшүндүрмө бекитилсин. 2 Бул токтом "Эркин Тоо" газетасында жарыялансын

Төрага

А.Сариев
