# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын2010-жылдын 18-августагы № 164 " "Алгыр Кыраан" саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын2010-жылдын 18-августагы № 164 " "Алгыр Кыраан" саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19431>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-479/edition/361769/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19431.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын2010-жылдын 18-августагы № 164 " "Алгыр Кыраан" саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө" токтому (18.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19431

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 18-августу № 164 "Алгыр Кыраан" саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө 2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жана катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө "Алгыр Кыраан" саясый партиясы жазуу жүзүндө кабарлоо бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 22-пунктчаларына, 26-беренесинин 3-, 6-, 7-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. " Алгыр Кыраан" саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун:

- Ибраев Жаныбек Эмилжанович - шайлоо боюнча;

- Сарбаева Зарина Бейшеналиевна - финансы маселелери боюнча.

2. 2010-жылдын 14-августундагы № 061 жана № 062 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.

3. Токтом "Алгыр Кыраан" саясый партиясына билдирилсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын.

Төрага

А.Сариев
