# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 17-августундагы № 163 "Саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 17-августундагы № 163 "Саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19430>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-478/edition/713932/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19430.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 17-августундагы № 163 "Саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому (28.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19430

---

КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 17-августу № 163 Саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 10-октябрындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 69-беренесинин 3-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Нускама бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Ж.Абдыкалыковага жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
