# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 17-августагы № 159 "Ысык-Көл облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 17-августагы № 159 "Ысык-Көл облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 159
- Кабыл алынган күнү: 17.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19426>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-474/edition/361759/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19426.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 17-августагы № 159 "Ысык-Көл облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (17.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19426

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ

2010-жылдын 17-августу № 159 Ысык-Көл облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын бергендигине байланыштуу Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 16-беренесинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин" 2-пунктунун 11-абзацына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы № 15 токтому менен бекитилген "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары жөнүндө Жобонун" 2.11-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Кошумбаев Памирбек Тойматович курамдан чыгарылсын;

"Жети-Өгүздү өнүктүрүү" КБнын жарандарынын чогулушунан көрсөтүлгөн Садыков Бекбосун Талипович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Бул токтом аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
