# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы №150 "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы №150 "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1942>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1864/edition/285193/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1942.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 7-августундагы №150 "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" мыйзамы (07.08.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1942

---

Бишкек шаары

2006-жылдын 7-августу № 150

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Интегралдык микросхемалардын топологияларын

укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу

2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1942/st-1)

"Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 228-ст.) төмөнкүдөй толук-

тоо киргизилсин:

1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-статья менен толукталсын:

"7-1-статья. Мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн

топологияга болгон мүлктүк укуктар

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик

контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга болгон мүлктүк

укуктар, эгерде мамлекеттик контрактта анын атынан мамлекеттик тапшы-

рыкчы иш жүргүзүп, бул укук Кыргыз Республикасына таандык деп белгилен-

бесе, аткаруучуга (ишти көтөрүүчүгө) таандык болот.

Эгерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мам-

лекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн топологияга болгон

мүлктүк укуктар мамлекеттик эмес тапшырык берүүчүгө таандык болсо, мын-

дай учурда топология боюнча мүлктүк укуктардын ээси Кыргыз Республика-

сынын мамлекеттик муктаждыктары алынып келинген товарларды даярдоо же

жалданып иштеген иштерди аткарууда мындай топологияны пайдаланууга укук

берүү жөнүндө мамлекеттик тапшырык берүүчүнүн талабы боюнча ал атаган

тараптар менен келишим түзүүгө милдеттүү.

Топологияны түзүп, бирок укук ээси болуп саналбаган кызматкерге

(авторго) сыйакы ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык ушул укукту ал-

ган жак тарабынан төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөнүн тартиби жана апып

өлчөмү автор менен топологияга карата мүлктүк укуктардын ээсинин орто-

сундагы келишимде белгиленет.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1942/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын минист-

рликтери менен ведомстволорунун ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга

карама-каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1942/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам ал күчүнө кирген күндөн тартып келип чыккан укуктук

мамилелерге карата колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К. Бакиев
