# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-августундагы № 151 "Кыргыз Республикасындагы шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ишмердүүлүгүнүн тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-августундагы № 151 "Кыргыз Республикасындагы шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ишмердүүлүгүнүн тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 151
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-467/edition/665382/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19419.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-августундагы № 151 "Кыргыз Республикасындагы шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ишмердүүлүгүнүн тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтому (28.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19419

---

КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 87 токтомуна ылайык күчүн жоготкон

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-августу № 151 "Кыргыз Республикасындагы шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ишмердүүлүгүнүн тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-, 16-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасындагы шайлоодо эл аралык байкоочулардын катышуу тартибин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасындагы шайлоодо эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын ишмердүүлүгүнүн тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобо (№ 1 тиркеме), эл аралык байкоочуну аккредитациялоого арыздын үлгүсү (№ 2 тиркеме) бекитилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү М.А.Корсунскийге жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
