# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 10-августагы № 148 "Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча финансылык документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 10-августагы № 148 "Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча финансылык документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-464/edition/361739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 10-августагы № 148 "Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча финансылык документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтому (10.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19416

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 10-августу № 148 Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча финансылык документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 13-пунктчаларына, Кыргыз Республикасынын "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 12-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча финансылык документтердин төмөнкүдөй формалары жана үлгүлөрү бекитилсин:

- Атайын шайлоо эсебин ачуу жөнүндө (№ 1, № 2 форма);

- Банк мекемесиндеги атайын шайлоо эсебинин реквизиттери жөнүндө (№ 3 форма);

- партиялардын атайын шайлоо фондуна акча каражаттарынын келип түшүү жана чыгымдоо эсеби (№ 4 форма);

- саясый партиялардын шайлоо фондунун атайын шайлоо эсебинде турган акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө (№ 5 форма);

- саясый партиянын макулдугун тастыктоо (№ 6 тиркеме);

- Жыйынтык финансылык отчет (№ 7 форма).

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Б.Ж.Салыкбаевага жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
