# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19411>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-459/edition/361428/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19411.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтому (09.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19411

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 9-августу№ 143 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 13- пунктчаларына ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-, 12- пунктучаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо документтеринин төмөнкү формалары жана үлгүлөрү бекитилсин:

1.Саясый партиялардан документтерди кабыл алуу жөнүндө №1 маалымкат (№1тиркеме)

2. Саясый партиядан документтерди кабыл алуу жөнүндө №2 маалымкат (№2тиркеме)

3. Саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү болууга макулдук берүү жөнүндө арыз (№3 тиркеме).

4. Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн тизмелеринин формасы (№ 4 тиркеме).

5. Саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү (№5 тиркеме)

6. Саясый партиядан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкердин күбөлүгү (№6 тиркеме)

7. Саясый партиядан талапкерлердин тизмесинин курамында добушка коюлууга макулдугу жөнүндө арыз (№ 7 тиркеме).

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандыгы жөнүндө депутаттыкка талапкердин арызы (тиркеме№8)

9. Саясый партиянын ишенимдүү адамдарды дайындоо жөнүндө саясый партиянын сунушу (№9 тиркеме).

Төрага

А.Сариев
