# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 4-августундагы №147 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 4-августундагы №147 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1941>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1863/edition/1024810/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1941.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 4-августундагы №147 "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" мыйзамы (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1941

---

КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 2006-жылдын 4-августу № 147

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу

2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1941/st-1)

"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза- мына ("Эркинтоо" гезити, 2005-жылдын 19-апрели, № 33") төмөнкүдөй өз- гөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 7-статьянын биринчи пунктунун экинчи абзацындагы "Котормонун

тууралыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек" деген сөздөр "Жого- руда көрсөтүлгөн документтердин котормосун ишке ашырган котормочунун колунун аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 9-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баян-

далсын: "- өлгөн адамдын тууганына жарандык абалдын актысы мурда ага кара- та түзүлгөн".

3. 10-статьянын экинчи абзацы алып салынсын.

4. 14-статьянын 1-пунктунун төртүнчү абзацы "төрөгөн учурда," де-

ген сөздөрдөн кийин "ошондой эле башка далилдер" деген сөздөр менен то- лукталсын.

5. 41-статьядагы "соттун баланы асырап алуу жөнүндө мыйзамдуу

күчүнө кирген" деген сөздөр "жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, шаардын мэриясынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алдын - ала каралган учурларда, соттун баланы асырап алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечими (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. 43-статьянын 2-пунктундагы "ушул чечимди чыгарган соттон" деген

сөздөр алып салынсын.

7. 42, 43, 44, 46 жана 47-статьялардагы "соттун" деген сөз "ыйга-

рым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

8. 47-статьядагы "ата-энелер" (атасы же энеси) тарабынан",

"ата-энеси (атасы же энеси) жөнүндө" деген сөздөр тийиштүү түрдө "ата-энеси тарабынан", "атасы же энеси жөнүндө" деген сөздөр менен ал- маштырылсын.

9. 52-статьянын 5-пункту алып салынсын.

10. 53-статьянын 1-пунктундагы "ошондой эле аталыгын аныктоого кө-

зөмөлчүлүк жана камкордук органынын макулдугу бар учурда" деген сөздөр "көзөмөлчүлүк жана камкордук органынын макулдугу менен, ал эми мындай макулдук жок учурда - соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен алмашты- рылсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1941/st-2)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиев
