# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-августундагы № 139 "Облустук,0ш шаардык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-августундагы № 139 "Облустук,0ш шаардык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-455/edition/361420/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19407.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-августундагы № 139 "Облустук,0ш шаардык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (09.08.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19407

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 9-августу № 139 Облустук,0ш шаардык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 16-беренесинин 3-пунктуна, 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы №133 токтому менен бекитилген, Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин 2-пунктунун 11-абзацына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 15-июнундагы №15 токтому менен бекитилген, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек, Ош шаардык комиссиялары тууралуу Жобонун 2.11-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Облустук, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясы боюнча:

- Жалал-Абад ш., № 1 кесиптик лицейинин жарандарынын чогулушунан көрсөтүлгөн Камыт кызы Гүлкайыр комиссиянын курамында калтырылуу менен комиссиянын катчылык кызматынан бошотулсун;

- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Атамбекова Миргүл Нишановна катчы болуп дайындалсын.

Нарын облустук шайлоо комиссиясы боюнча:

- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Бектурова Алтын Акматовна курамдан чыгарылсын;

- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Мурзакматова Айгүл Сапарбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Ош облустук шайлоо комиссиясы боюнча:

- «Ак-Шумкар» партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Маматалиев Акмат курамдан чыгарылсын;

- «Тынчтыктын, демократиянын жана өнүгүүнүн коомдук фондунун» жарандарынын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Мамасалиева Айжаркын Манаповна курамдан чыгарылсын;

- Гүлчө айылынын Бесценная көчөсүнүн жарандарынын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Толубаев Бостонбай;

- «Туран» партиясынан көрсөтүлгөн Маматов Төлөгөн Абдураимович резервден комиссиянын курамына киргизилсин;

- Ноокат райондук бейтапкананын эмгек жамаатынын жарандарынын чогулушунан көрсөтүлгөн Бобулов Акматали Маматович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

- Жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Тилаев Шарапбай резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Ош шаардык шайлоо комиссиясы боюнча:

- «Караль» ЖЧКнын жарандарынын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Нурматова Розихон Саттаровна курамдан чыгарылсын;

- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Матисаков Жумакадыр Кубатбаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Талас облустук шайлоо комиссиясы боюнча:

- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Муратов Жоробек курамдан чыгарылсын;

- жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн Тургунбаев Асылбек Сүйүнтбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
