# Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 26-июлдагы № 137 "Облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын төрагалары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 26-июлдагы № 137 "Облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын төрагалары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19405
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19405>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-453/edition/361416/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19405.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 26-июлдагы № 137 "Облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын төрагалары жөнүндө" токтому (26.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19405

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 26-июлу № 137 Облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын төрагалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" № 19 Декретинин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 11-беренесинин 1-, 5-пункттарына, 2010-жылдын 22-июлундагы КР БШКнын № 133 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын төрагалары болуп төмөнкүлөр дайындалсын:

Мадалиев Акжол Абдуваитович - Баткен облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Аламанов Чокон Кадырович - Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы, Козуев Бакыт Садыкович - Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Барыктабасов Жоомартбек Апасович - Ысык Көл облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Аскаров Алмаз Карыпбекович - Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Мамытов Жамшит Мамытович Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы, Карымшакова Саткынай Низамовна - Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы, Исбасарова Гүлнара Кадырбековна - Талас облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы, Молдобаев Тургунбек Туйтенович - Чүй облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы.

2. Облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларынын төмөнкү төрагалары ээлеген кызмат орундарынан бошотулсун:

Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын - Жуков Михаил Александрович; Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясынын - Ашимов Нурмамат Ашимович; Ысык-Көл облустук шайлоо комиссиясынын - Бозгорпоев Баттал Усенакунович; Нарын облустук шайлоо комиссиясынын - Тиленчиева Майрамкүл Бекчороевна; Ош шаардык шайлоо комиссиясынын - Пайзилдаев Мухтар Пайзилдаевич; Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы- Маматоморов Амат Маматоморович; Талас облустук шайлоо комиссиясынын - Жусупбеков Жантош Жолдошбекович; Чүй облустук шайлоо комиссиясынын - Иманбекова Рахат Абдрасуловна.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
