# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 133
- Кабыл алынган күнү: 22.07.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19403>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-451/edition/361412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19403.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (22.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19403

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 22-июлу № 133 Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" № 19 декретинин 5-, 6- пункттарына, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 11-беренесинин 1-, 5-пункттарына, 10-берененин 1-пунктунун 7-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн убактылуу тартиби бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасында жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т.Алымбековага жүктөлсүн.

Төрага

А.Сариев
