# 7-статья. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарын ачуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/194)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 19.03.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-181/edition/642289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/194/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 7-статья (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-7

---

Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары канатташ чет мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы менен макулдашуу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан орнотулат. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарын ачуу Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы, ошондой эле мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында контролдукту камсыз кылууга катышуучу бажы жана башка органдар менен макулдашылган долбоор боюнча имарат-жайларды, курулуштарды куруп, жабдып жана пайдаланууга бергенден кийин жүргүзүлөт. Аталган обьекттерди куруу жана жабдуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-октябрындагы № 739 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-8)
