# 5-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара тилкесин орнотуу жана өтүүсүн өзгөртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/194)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 19.03.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-181/edition/642289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/194/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 5-статья (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-5

---

Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара тилкеси:

- кургак жерде - мүнөздүү чектер жана рельефтин тилкелери же жакшы көрүнгөн багыттар боюнча;

- дарыяларда (өзөндөрдө) - алардын ортосу боюнча же дарыянын негизги нугунун ортосу боюнча;

- көлмөлөрдө - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы өткөн жерлерди бириктирген түз тилке жана көлмөнүн жээктери боюнча;

- гидротүйүндөрдүн суу сактагычтарында жана башка жасалма көлмөлөрдө - алар толтурулганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына ылайык өткөн орундар боюнча;

- дарыялардагы (өзөндөрдөгү) чек ара участоктору аркылуу өткөн темир жол жана автомобиль жолдорунун көпүрөлөрүндө, суу тосмолорунда жана башка курулуштарда-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы суу боюнча өтүшүнө карабастан, ал курулуштардын ортосу же алардын технологиялык нугу боюнча белгиленет.

Чек арага жамаатташ тилкеде, анын ичинде чек ара сууларында болушу мүмкүн болгон ар кандай табигый өзгөрүүлөр мамлекеттик чек аранын белгилеринин жоболоруна кандайдыр-бир өзгөртүүлөрдү кийирүүгө алып келбейт. Кыргыз Республикасынын ички сууларына дарыялардын суулары жана жээктери Кыргыз Республикасына таандык болгон башка көлмөлөрдүн суулары кирет. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде чек ара белгилерин кайталап орнотуу тартибинде жүргүзүлгөн жер (суунун үстү) менен өткөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын тактоо жөнүндөгү документтер Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланууга тийиш.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-6)
