# 4-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/194)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 19.03.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-181/edition/642289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/194/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 4-статья (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-4

---

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы мамлекеттик тутумунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналат жана саясий, аскердик, укуктук, уюштуруу, экономикалык, экологиялык, техникалык, оперативдүү жана башка чаралардын тутумун төмөнкүлөр боюнча ишке ашыруудан турат:

- Кыргыз Республикасынын белгиленген мамлекеттик чек арасын укукка каршы, зомбулук менен өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагындагы чек арага жамаатташ участокторду канатташ мамлекеттердин же алардын жарандарынын мыйзамсыз пайдаланышына (өздөштүрүшүнө) жол бербөө;

- юридикалык жана жеке жактардын эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына карата укуктук мамилелерди сакташын камсыз кылуу, мындай укуктук мамилелерди бузган кылмыштарга жана администрациялык жосундарга каршы күрөшүү;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын ички жана тышкы кол салуудан коргоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кургак жерде, дарыяларда жана башка көлмөлөрдө кайтаруу Кыргыз Республикасынын чек ара кызматына, ал эми аба мейкиндигинде - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлөт. Мамлекеттик чек араны кайтарууга башка министрликтер, мамлекеттик комитеттер менен администрациялык ведомстволор да Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде катышат.

II. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара тилкесин орнотуу, өтүүсүн өзгөртүү жана белгилөө

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-5)
