# 30-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/194)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 19.03.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-181/edition/642289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/194/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 30-статья (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-30

---

Мамлекеттик чек араны, чек ара тартибин же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы тартипти бузган же бузууга аракет кылган, мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү, материалдарды, документтерди жана башка мүлктү мыйзамсыз алып өткөн же мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын башкача бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. Чек ара кызматын өтөө эрежелерин бузууга жол берген Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын, ошондой эле мыйзамдуу негизде мамлекеттик чек араны кайтарууга тартылган башка куралдуу түзүлүштөрдүн аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. Жарандар Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча функцияларды аткарган башка аскерлер менен органдардын өкүлдөрүнөн өз укуктары менен эркиндиктери эмнеге чектелгендиги боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча функция аткарып жаткан кызмат жана башка адамдардын, органдардын аракеттерине укугу бузулган адам мыйзамда белгиленген тартипте даттана алат.

VI. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууну ресурстук камсыздоо

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-31)
