30-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Күчүн жоготкон · 16.05.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2015 года № 98.
Мамлекеттик чек араны, чек ара тартибин же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы тартипти бузган же бузууга аракет кылган, мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү, материалдарды, документтерди жана башка мүлктү мыйзамсыз алып өткөн же мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын башкача бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. Чек ара кызматын өтөө эрежелерин бузууга жол берген Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын, ошондой эле мыйзамдуу негизде мамлекеттик чек араны кайтарууга тартылган башка куралдуу түзүлүштөрдүн аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. Жарандар Кыргыз Республикасынын чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча функцияларды аткарган башка аскерлер менен органдардын өкүлдөрүнөн өз укуктары менен эркиндиктери эмнеге чектелгендиги боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча функция аткарып жаткан кызмат жана башка адамдардын, органдардын аракеттерине укугу бузулган адам мыйзамда белгиленген тартипте даттана алат.
VI. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууну ресурстук камсыздоо
Берененин тексти 16.05.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/194/st-30" title="30-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>