# 28-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жагынан жарандардын милдеттери жана укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/194)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 19.03.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-181/edition/642289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/194/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 28-статья (16.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-28

---

Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле анын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын белгиленген тартибин, чек ара зонасынын жана чек ара тилкесинин тартибин сактоого, чек ара кызматынын жана чек ара зонасынын жана чек ара тилкесинин тартиптеринин сакталышына контролдук кылган органдардын талаптарын аткарууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын жарандары чек араны кайтаруу боюнча ыктыярдуу кошундардын курамында, ошондой эле чек ара аскерлеринин штаттан тышкаркы кызматкери катарында жана башка формада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууга ыктыярдуу негизде катыша алат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууга жарандарды тартуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууга катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекет тараптан укуктук жактан корголууга акылуу. Чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде жана мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү пункттарда жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген ченемдер милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/194/st-29)
